Дүйнөнү климаттын өзгөрүүсүнөн сактап калуу үчүн күйүүчү май өндүрүүчү компаниялардын жарнамасына тыюу салынышы керектигин Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы билдирди.
Антониу Гутерриш көмүр, мунай жана газ корпорацияларын ондогон жылдар бою чындыкты бурмалап, коомчулукту алдаган “климаттык башаламандыктын аталары” деп атады.
Ден соолукка коркунуч келтиргендиктен тамекинин жарнамасына тыюу салынгандай эле күйүүчү майларга да ушундай кылуу керектигин билдирди.
Евробиримдиктин климат боюнча маалыматтары акыркы 12 айдын ар бири жылдын ошол мезгили үчүн жаңы глобалдык температура рекордун койгонун тастыктайт.