Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Автор

Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн китепкана имараттарын берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский менен Байден Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагында америкалык кесиптеши Жозеф Байден менен жолугушту. Бул тууралуу Зеленский Telegram аркылуу билдирди “АКШ президенти Жозеф Байден менен Вильнюста маңыздуу, күчтүү жолугушуу болду” деп жазды Зеленский. Анын айтымында, тараптар Украинадагы согуш аймагындагы кырдаалды, Киев менен Вашингтондун узак мөөнөттүү коргонуу кызматташтыгын, ошондой эле «акыркы […]

Сизге жагышы мүмкүн