Самын – гигиеналык косметика же тиричилик химиясы үчүн жуучу каражат (кир самын), анын негизги компоненти май кислоталарынын сууда эрүүчү туздары болуп саналат.
Зыяны
Кир самын менен жуунуу зыяндуу. Анын курамында май кислоталары, щелочтар бар. Мындан тышкары курамында натрий гидроксиди жана канифоль да бар. Мындай самын дерматитке алып келиши мүмкүн.
Пайдасы
Эгерде сиз майда чийиктерди, кесилген жерлерди жана жарааттарды кир самын менен майласаңыз, инфекциянын жугуу коркунучун бир топ азайтып, айыгууну тездете аласыз. Кир самын эң сонун вируска каршыкаражат болуп саналат. Мурундун агышы менен кебезди кир самындын эритмеси менен нымдап, аны менен мурундун көңдөйлөрүн дарылоо керек.