15-16-декабрда өтө турган Элдик курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт. Мындай маалыматты мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
“Ким шайланган болсо, Курултайга ошолор гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат”,- деди.
Ал эми ЖК депутаттары, министрлер, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү Курултайга катыша алышат.