Түндүк Корея башка мамлекеттерден кутум болсо дароо өзөктүк сокку урат. Тиешелүү билдирүүнү КЭДР лидери Ким Чен Ын жасады.
20-декабрда ал Ракеталар боюнча башкы башкармалыктын аскер кызматкерлери менен жолугушуп, аларды Хвасон-18 баллистикалык ракетасынын ийгиликтүү учурулганы менен куттуктады.
Ким Чен Ындын айтымында, аскердик доктрина КЭДРге эгер душман өзөктүк курал менен провокация кылса, өзөктүк чабуулдан тартынбоого мүмкүндүк берет.