Россиянын президенти Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү “Чыгыш” космодромунда аяктады. Жолугушуу бир сааттан ашык убакытка созулду.
Кремлдин өкүлүнүн айтымында, учурда эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу жүрүп жатат. Песков белгилегендей, Путин менен Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдөн кийин документтерге кол коюуну пландабайт.
«Союз-2» космос ракета комплексинин техникалык инженердик бөлүгүндө делегациялардын катышуусу менен сүйлөшүүлөр болду.
«Биз президент Путиндин чечимдерин, ошондой эле орус өкмөтүнүн чечимдерин колдодук жана колдойбуз»,-деди Ким Чен Ын.