Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сентябрда Россияга барып, Владимир Путин менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатканы кабарланууда.
КЭДР менен Россиянын мамлекет башчылары 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышат.
Маалыматтарга караганда Ким Чен Ын Россияга өзүнүн брондолгон поезди менен Пхеньяндан келет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КЭДРден артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды алып келүүнү талкуулоого ниеттенүүдө.
Россияга келүү идеясы Ким Чен Ынга июль айында коргоо министри Сергей Шойгу Түндүк Кореяга барганда келген. Анда алар глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашкан.
Шойгу Корея согушунун аяктаганынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып, Ким Чен Ын ага Түндүк Кореянын учкучсуз учактарын жана континенттер аралык ракеталарын көрсөткөн.