Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ар кандай үлгүдөгү дрондордун мүмкүнчүлүктөрүн сыноолорго өзү жетекчилик кылды. Ал дрондордун массалык өндүрүшүн жолго коюуну тапшырды. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (ЦТАК) билдирди.
Түзүмдөр Түндүк Кореянын Дрондук Авиация Технологиялары Бирикмеси тарабынан иштелип чыккан. ЦТАК билдиргендей, сунушталган дрондор, анын ичинде «сокку уруучу камикадзе дрондору» кургакта жана деңизде белгилүү тактикалык багыттар боюнча учуп өтүп, бутаны так талкалаган.
«Балким, дүйнөнүн бардык аскердик мекемелери чоң жана чакан кагылыштарда дрондордун чоң ийгиликтерге жетишип жатканын моюнга алышат. Бул бүгүнкү күндө аскердик тармакта зарыл талапка айланган жаңы тенденция»,-деп билдирди Ким Чен Ын.