Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Пхеньянда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги билдирди.
Түндүк Кореянын лидери Батышты Украинага алыска атуучу куралдарды колдонууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн сынга алды.
Ким Чен Ын жолугушуу учурунда АКШ жана Батыш Киев бийлигинин колу менен өздөрүнүн узак аралыкка атылуучу куралдары аркылуу Россиянын аймагына чабуул жасаганын айтты. Анын пикиринде, бул кадамдар менен алар жаңжалга кийлигишкен. Түндүк Кореянын лидери Россиянын жооп иретиндеги аракеттерин өз убагында жана натыйжалуу чара деп атады.
Ким Чен Ын эки өлкөнүн мамилесин бардык тармактарда кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал президент Владимир Путинге, Россия өкмөтүнө, армиясына жана элине жылуу каалоолорун жолдоду. Пхеньян ар дайым Москва менен бирге болорун убада кылды.
Андрей Белоусов 29-ноябрь күнү Түндүк Кореянын аскердик-саясий жетекчилиги менен жолугушуу үчүн Пхеньянга учуп келген.