Кимдер алдыда келатканы айтылды

Автор

Кечээ, 30-июнда бир мандаттуу Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 44,99% добушун алып, Ноокаттан Бакытбек Марипов жеңиши мүмкүн экендиги божомолдонууда.
Ысык-Көл шайлоо округунан болсо, Айжигит Тыналиев алдыда. Ага 16,04 пайыз шайлоочулар добушун беришкен. Ал эми Свердлов району боюнча Жумабек Салымбеков алдыда. Ал шайлоочулардын 64,61 пайыз добушун алды. .
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы эки жуманын ичинде белгилүү болоору маалымдалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара –Кулжада унаадагы 1 киши куткарылып, 4нү сел агызып кеткен

Кара –Кулжада унаадагы 1 киши куткарылып, 4нү сел агызып кеткен Кечээ, 30-июнда Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл айылында катуу сел жүрүп, анын кесепетинен төрт адам көз жумду. Анын үчөөнүн сөөгү табылып, бирөөнүн сөөгү изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Болжол менен кечки саат 20:00 да Жетим-Дөбө айылындагы Абышка-Ооз тилкесинде саат 22:00 […]

Сизге жагышы мүмкүн