Килиан Мбаппе “Аталанта” менен болгон оюнда жаракат алды. Реал Мадрид форварддын калыбына келүү мөөнөтүн тактаган жок.
“Реалдын” француз чабуулчусу Килиан Мбаппе сол жамбашынан жаракат алганын Мадрид клубунун басма сөз кызматы билдирди.
Футболчунун калыбына келүү мөөнөтү тактала элек. Мбаппе шейшемби күнү Аталанта менен болгон Чемпиондор Лигасынын биринчи бөлүгүндө алган жаракатынан улам алмаштырылган.
“Mundo Deportivo” басылмасы француз футболчу кеминде жети күн оюнга чыкпай турганын жана 14-декабрдагы Райо Вальекано менен ойнобой турганын жазды.
Бул Мбаппенин акыркы үч айдагы Мадрид клубундагы экинчи жаракаты – ал сентябрда тарамышын кокустатып алган.
Эске салсак, 25 жаштагы Мбаппе быйылкы сезондо “Реал Мадрид” үчүн 22 матчта 12 гол киргизген.