Килиан Мбаппе “ПСЖ” клубунун кетээрин жарыялады

Автор

Француз чабуулчусу жана ПСЖнын лидери Килиан Мбаппе акыры өз клубунан кетүүнү чечти. Бул тууралуу париждик команданын жетекчилигине кабарлаганы айтылды.
Чет элдик спорт булактары ПСЖнын чабуулчусу өз клубунун президенти Насер Аль-Хелайфиге расмий түрдө билдиргенин жазып чыгышты. Оюнчунун кетүүсүнүн акыркы шарттары азырынча талкуулана элек, бирок ушул сезондун аягында ал эркин агент катары командадан кетет.
Эки тарап тең азырынча кетүү тууралуу сүйлөшпөй турууга макул болушкан. Кыязы, бул май айынын башында жасала тургандыгы айтылууда.
Эксперттердин баамында, Мбаппе бара турган команда франциялык футболчунун келишине шарт түзүп койгон “Реал Мадрид” клубу болушу ыктымал.
Франция чемпионатынын быйылкы сезонунда Килиан Мбаппе ПСЖнын курамында 19 матч өткөрүп, 20 гол киргизип, 4 пас берген. Ал учурда Лига 1деги эң мыкты чабуулчу болуп эсептелинет.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Украинаны жарандык объекттерге кол салууларды токтотууга чакырды

Жарандык объекттерге кол салуулар токтотулушу керектигин БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжарик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгородго жасаган чабуулунан улам билдирди. Биз Россиянын Белгород шаарына ракеталык чабуулдар тууралуу кабарларды көрдүк. Жарандарга жана инфраструктурага каршы чабуулдар эл аралык гуманитардык мыйзамдар тарабынан тыюу салынганын, кабыл алынгыс жана токтотулушу керектигин дагы бир жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн