Франция курама командасынын жана “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе күтүүсүз бурулуш жасады. Атактуу футболчу жетекчиликке келишимди 2024-жылы узартпай турганын айткан. Клуб болсо аны тез арада сатууну көздөп жаткандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда.
Британиялык “The Telegraph” булагына караганда, париждик клуб буга чейин 24 жаштагы чабуулчуну трансфер рыногуна чыгарган. ПСЖнын араб ээлери франциялык үчүн жок дегенде бир сумманы алууну көздөшүүдө, анткени кийинки жайдан тарта ал эркин агентке айланат.
Футболчунун өзү клубга эч кандай шартта келишимди узартуу боюнча сөз болбой тургандыгын айткан. Ошол эле маалда адистердин айтымында, «ПСЖ» атактуу чабуулчуну «Реал Мадридге» барбашы үчүн колдон келгендин баарын жасоону каалайт.