Килиан Мбаппе “Пари Сен-Жермен” клубунан кетээрин жарыялады

Автор

Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе сезондун аягында француздардын “Пари Сен-Жермен” футболдук клубунан кетет. Бул тууралуу атактуу футболчу соцтармактагы өзүнүн баракчасында билдирди.
Килиан Мбаппе”Мен ар дайым убагы келгенде сизге кабарлайм деп айткам. Сиздерге бул менин ПСЖдагы акыркы жылым экенин билдиргим келет. Мен келишимди узартпайм жана менин укмуштуу окуям бир нече жуманын ичинде аяктайт. Жекшемби күнү “Парк де Принсте” акыркы беттешимди өткөрөм”, -деди.
Эске салсак, Мбаппе 25 жашта жана 2017-жылдын жайынан бери ПСЖда ойноп келет. Команданын курамында футболчу Франциянын беш жолку чемпиону, өлкө кубогунун жана суперкубоктун үч жолку жеңүүчүсү болуп, эки жолу Лига кубогунун ээси болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Россиянын чабуулу башталганын жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Харьков облусунун түндүгүндө орус армиясынын чабуулун көрдү. Анын айтымында, учурда ал жерде кызуу салгылашуулар жүрүп жатат, бирок Киев бул аймакка Россия Федерациясы кандай күчтөрдү жайгаштыра аларын түшүнө элек. Украин аскерлеринин айтымында, окуялар өзгөчө Россия менен чек арадан 10 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Волчанск шаарына жакын […]

Сизге жагышы мүмкүн