Килиан Мбаппе Мадрид шаарынан 11 млн долларга үй алды

Автор

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Испаниянын борборунан дагы бир үйгө ээ болду. Бул жолу ал “Реалдын” мурдагы оюнчусу Гарет Бэйлдин үйүн 11 миллион еврого сатып алды.
Соодалашуунун жыйынтыгында Килиан Мбаппенин өкүлдөрү баштапкы бааны 13 миллион евродон 11ге чейин төмөндөтүүгө жетишти. Белгилей кетсек, экс-Реалдын футбол жылдызынын үйү 2022-жылдын бери саттыкта турган.
Мбаппенин болочок сарайы Мадриддеги эң кымбат үйлөрдүн бири болгон Ла Финка аймагында жайгашкан. Үйдө сегиз уктоочу бөлмө , ошондой эле бассейн, сауна жана спорт залы бар. Мындан тышкары гольф аянтчасы, футбол талаасы, баскетбол аянтчасы жана 7 жабык унаа токтотуучу жай бар.

Бөлүшүү:
Next Post

30-майга карата аба ырайы

30-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, […]

Сизге жагышы мүмкүн