Килиан Мбаппе зордуктоо иши боюнча 6 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Автор

Мадриддик “Реалдын” футбол жылдызы, француз чабуулчусу Килиан Мбаппе зордуктоого күнөөлүү деп табылса, алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
“Чемпионат” басылмасынын маалыматына караганда 25 жаштагы франциялык футболчунун аты Стокгольмдогу зордуктоо ишинде аралышып жатат. Бул окуя аныкталса Мбаппе алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ал эми оюнчунун өкүлдөрү оюнчу мыйзамсыз иш кылган деген ушактардын баарын четке кагууда.
Эске салсак, 2024-жылы жайында Килиан Мбаппе эркин агент катары ПСЖдан кетип, Реал Мадридге өтүп, аны менен узак мөөнөткө келишим түзгөн. Бул сезондо Мбаппе “Лос-Бланкостун” курамында Испания лигасында 8 матч өткөрүп, анда беш гол киргизип, бир пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

18-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй […]

Сизге жагышы мүмкүн