Килиан Мбаппе биринчи жолу “Реал Мадридге” өткөнүн тастыктады

Автор

Франция курама командасынын жылдызы Килиан Мбаппе мындан ары “Реал Мадрид” өткөнүн жашырбайт.
Франция курама командасынын машыгуу учурунда күйөрмандары менен болгон жолугушууда жылдыз чабуулчудан “Реал Мадриддин” футболкаларына кол коюуну суранышкан. Килиан күйөрмандан баш тарткан жок.
” Килиан Мбаппе мурда “Реал Мадрид” клубунун футболкаларына кол койгондон качып, жаңы клубу боюнча ооз аспай келген. Бирок бул анын ПСЖ менен келишими аяктагандан кийин мүмкүн болду окшойт”, – деп жазышууда бир топ чет элдик басылмалар.
Белгилей кетсек, Мбаппенин “Пари Сен-Жермен” менен келишими 30-июнда аяктайт. ММКлар Реалга өтүү тууралуу расмий билдирүү Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши менен футбол боюнча Европа чемпионатынын башталышынын ортосунда болорун жазышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандан ЕБге аба каттамдарына коюлган чектөөлөр алынды

Казакстандан Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө учуу коопсуздугунун кара тизмеси боюнча бардык чектөөлөр биротоло алынып салынды. Республиканын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай учуу коопсуздугу боюнча Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн авиация компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анда эксперттер учууну уюштуруу, авиациялык персоналды окутуу жана лицензиялоо чөйрөсүндө сертификациялоо, көзөмөлдөө тутумунун натыйжалуу иштөөсүндөгү олуттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн