Килиан Мбаппенин Реал Мадриддеги бет ачары 16-июлда өтөт

Автор

Испаниялык клубдун сайтында 16-июлда чабуулчу Килиан Мбаппенин “Реалдын” оюнчусу катары бет ачары болору айтылды.
Реал Мадрид француз футболчу менен беш жылдык келишимге кол койгонун 3-июнда жарыялаган. Чабуулчу Мадрид клубуна эркин агент катары өткөн.
Бет ачар “Сантьяго Бернабеу” стадионунда өтөт. Ага чейин Реал Мадриддин президенти Флорентино Перестин катышуусунда клубдун базасында келишимге кол коюу аземи болот.
Эске салсак, Мбаппе 2017-жылдан бери ПСЖда ойноп келген. Париждиктердин курамында форвард Франциянын алты жолку чемпиону болуп, төрт жолу өлкө кубогунун ээси болгон. Футболчу команда үчүн 256 гол киргизип, бул көрсөткүч боюнча ПСЖнын рекордчусу. Франция курамасы менен бирге 2018-жылы дүйнө чемпиону, 2022-жылы вице-чемпион болгон. Transfermarkt порталы футболчунун трансфер баасын 180 миллион еврого баалап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

13-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жашайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: […]

Сизге жагышы мүмкүн