Кикбоксинг боюнча курама команда Венгрияда дүйнө чемпионатына катышууда

Автор

Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-август күнү башталган мелдеш 1-сентябрда жыйынтыкталат.
Курама комаданын тизмеси (балдар арасында):
– 42 кг Алихан Русланов (кик-лайт);
– 52 кг Улукбек Аскарбеков, Даниель Дражжаков (кик-лайт);
– 45 кг Али Султан Алиев (лоу-кик);
– 51 кг Арсен Уланов (лоу-кик);
– 57 кг Мухаммед Кадыров (лоу-кик);
– 54 кг Болотбек Алимырзаев (лоу-кик);
– 60 кг Амир Люсамир (лоу-кик).
Кыздар арасында:
– 42 кг Рабия Исраилова (кик-лайт);
– 48 кг Гүлбахар Касымова (лоу-кик).
Курама команда улук машыктыруучу Рустам Ибрагимов жана башкы машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун жетекчилигинде мелдешке катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бактыбек Осмонов Тоң районунун акими болуп дайындалды

Бактыбек Осмонов Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн