Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт

Автор

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
“Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду”, — деди ал.
Мындан тышкары Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан тарабынан демилгеленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Москванын четинде 14 дрон атып түшүрүлдү

Түнкүсүн Москванын четиндеги аймактарынан абадан коргонуу системалары 14 украиналык дронду атып түшүрдү. Бул тууралуу губернатор Андрей Воробьев билдирди. Анын айтымында, аба түзүмдөрү Подольск, Раменское, Люберцы, Домодедово жана Коломна шаардык округдарында атып түшүрүлгөн. Дрондордун чабуулунан көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкканы кабарланды. Атылып түшүрүлгөн дрондун сыныктары Жуковский аэропортунун жанына түшкөнү белгиленди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн