Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Ак сарайда өткөн басма сөз жыйынында АКШ Украинанын бул согушта жеңишке жетишин каалай турганын белгиледи. «Биз гүлдөп өнүккөн эгемен Украинаны каалайбыз, эл аралык деңгээлде белгиленген чек аралардын бардыгы, анын ичинде Путин тарабынан толук таанылышын каалайбыз. Кийинки бир нече ай Украина үчүн өтө маанилүү болот», -деген Кирби АКШ Украинага бардык керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.