Киевдин бийлиги абанын сапатынын начарлап кетишинен улам тургундарды көчөгө чыкпоого чакырды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын билдирүүсүнө караганда абанын абалы убактылуу начарлады. “Шаардын эки районунда чаң бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы жогорулаганы аныкталды”,-деп жазылат администрациянын Telegram-каналына жарыяланган билдирүүдө.
Бийлик тургундарды зарылдык болбосо көчөгө чыкпоого, терезелерди жабууга жана көбүрөөк суу ичүүгө чакырды.
Абанын булгануусунун себептери түшүндүрүлгөн жок.