Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповду Кыргыз Эл Баатыры наамына сунуштады. Анын кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы өз кезегинде бааланышы керек деп эсептейт ал.
Кечээ, 21-декабрда Улуттук тарых музейинде жазуучулар Кеңеш Жусупов менен Каныбек Иманалиев түзгөн “Кыргыздар” 40 томдугунун бет ачаары аземи болду. Чыгып, сөз сүйлөгөндөр желек боюнча каршы пикирлерин билдиришти. Кыргыз Эл баатыры Медеткан Шеримкулов мамлекеттик катчыга 6 айга министр койбогула деген сунушун да айтты.