АКШдагы элчи Бакыт Аманбаевдин кызматтан алынышы менен ал орунга кайсы чиновниктин бараары туурасында күбүр, шыбырлар күч алды. Саясий чөйрөдө болсо, АКШ бийлиги агреманды Акылбек Жапаров үчүн жөнөткөнү айтылып жатат. Мындан улам ар ким өзүнө жакын саясатчылардын аттарын атай баштаса да, азырынча колго илешээр талапкер жок. Ал эми бизге жеткен маалыматтар боюнча, Акылбек Жапаров кызматтан кетпейт. Аны алмаштырууга себеп да жок.
60 жаштагы Акылбек Жапаров 2021-жылы кызматка киришкен. Анын өкмөтү биртоп алгылыктуу иштердин өтөөсүнө чыкты.