Кыргызстанда мектеп директорлорунан кийин өлкө аймагында 46 кесиптик лицейлердин директорлук кызмат ордун беш жана андан көп жыл ээлегендер үчүн конкурстар башталды.
Учурда соцтармактагы Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырова бардык директорлорду арыздарын жаздыртууда деген айгай кептер чындыкка дал келбейт.
Бул боюнча билим берүү министрлиги баардыгы мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгын белгилеп, маалымат берди.
Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык кесиптик башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июну № 312 токтомунун 6-пунктуна ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын директордун кызмат ордун бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген мамлекеттик окуу жайларында конкурс өткөрүү ишке ашырылып башталды” – деп айтылат.