Билим берүү министрлиги 52 кесиптик лицейлердин директорлук кызматына конкурс жарыялап, апта башында 138 адам, алардын ичинен коллеждерге 24 талапкер, кесиптик лицейлерге 114 талапкер катышкан сынагын жүргүздү. Тесттин жыйынтыгында 5 гана директор босого баллдан араң өттү. Мындай начар жыйынтыктан улам коомчулук билим уяларындагы билимсиздикке өлкө жетекчилеринин көңүлүн буруп, билим берүү тармагына тез арада реформа керек деп билдиришүүдө. Министрлик билдиргендей, босого баллдан кулаган директорлор кайрадан сыноого кире алышат.