Кесиптик лицейдин директорунун кызмат ордуна сынак жарыяланды. Тизме

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, сынакка документтерди кабыл алуу 9-сентябрдан 20-сентябрга чейин созулат.
Бош кызмат орундары бар лицейлердин тизмеси:
1. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы №106 кесиптик лицейи;
2. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы №7 кесиптик окуу жайы;
3. Талас облусунун Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылындагы №51 кесиптик лицейи;
4. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейи;
5. Жалал-Абад шаарындагы №3 кесиптик окуу жайы;
6. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жар-Кыштак айылындагы №60 кесиптик лицейи;
7. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы №69 кесиптик лицейи;
8. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жангак шаарындагы № 71 кесиптик лицейи;
9. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейи;
10. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылындагы №108 кесиптик лицейи;
11. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы №44 кесиптик лицейи;
12. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы №31 кесиптик лицейи.

Бөлүшүү:
Next Post

Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөйт

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катуу иштеп, шаарды өнүктүрүү боюнча болгон аракетин жумшап жатат. Бирок, аңыз кептердин аягы тыйылбай, аны борборго көтөрүлөт дешсе, анын ордуна Нарын облусунун губернатору Алтынбек Эргешовдун бараары айтылууда. Орун алмашкан менен сумма өзгөрөбү? Ош шаарынын тургундары болсо, “бийлик Бакытбек Жетигеновду баштаган иштери бүткүчөктү ордунан козгобой турса, […]

Сизге жагышы мүмкүн