Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын жана президенттин тапшырмасына ылайык профсоюздар федерациясынын айрым кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы кесиптик кошуундар кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйү жайгашкан 2,34га жер тилкесин кесиптик кошуундардын менчигинен өз билемдик менен чыгарып, аны Камчы Көлбаевдин аффилияцияланган адамдарына сатып жиберишкен.
Ошондой эле “Имидж Строй” ЖЧКсы (К.Асанбектин аффилияцияланган фирмасы) тарабынан “Каганат” коттедж комплекси салынган.
“Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 28-ноябрда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, Машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары, Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Кыргызстан Кесиптер кошуунунун мыйзамсыз алынган мүлкүн аныктоо жана кайтаруу иш чаралары жүрүп жатканы белгилүү болду.