“Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 10-мартындагы жыйыны өз ишин баштады. Учурда Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМнин жана Адилет министрлигинин өкүлдөрү козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат берип жатышат. Жыйынга депутаттар, эсептөө палатасынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.