Кемпир-Абад иши боюнча беш  адам үй камагына чыгарылды

Автор

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Мамбетжунус Абылов , Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Кыргызстанда туулган россиялык космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди […]

Сизге жагышы мүмкүн