Кеминдеги 353 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 гектар өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине кайтарылды.
Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, ЖКнын турак-жай комплексинин мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Газадан аскерлерин чыгарууга макул болду

Израил Газа тилкесинен аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болду. Бул тууралуу ХАМАС кыймылы менен түзүлгөн келишимдин алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Ошол эле учурда ал келишимдин чоо-жайын ачыкка чыгарган жок. «Кошмо Штаттар Израилдин Газаны узак мөөнөттүү оккупациялоосун таптакыр кабыл албайт. Келишимде аскерлердин Газадан чыгуу графиги жана жерлери так көрсөтүлгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн