Кеминдеги мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үйлөр курулат

Автор

Чүй облусунун Кемин районунда мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Тийиштүү чечимди Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.
Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет», — деген ал.
Анын айтымында, турак үйлөр 9 кабаттан болот жана ал жер Кемин шаары деп аталат. Мында болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

МАГАТЭнин жетекчиси Курск АЭСине барууну пландап жатканын билдирди

Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэль Гросси Украина куралдуу күчтөрүнүн Курск облусунун аймагына басып кирүүсүнөн улам Курск АЭСинин жабыркашы мүмкүн деген коркунучту олуттуу карап жатканын айтты. Ал Financial Times (FT) басылмасына берген маегинде келерки жумада станцияга барууну пландап жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, Гросси мырза визит учурунда станциянын жетекчилиги […]

Сизге жагышы мүмкүн