“Келечектин оюндары” мелдештерине 2 миң спортчу катышууда

Автор

Казанда “Келечектин оюндарынын” ачылыш аземи болуп, мелдештер уланууда. Салтанатка Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.
Путин спортчуларды жана мелдештин меймандарын куттуктап, “Келечектин оюндары кош стандарттардан таза болууга тийиш. Бардык спортчулар бири-бирине бирдей. Турнир аянттарында нукура спорт өкүм сүрөөрүнө ишенем”, – деди .
Белгилей кетсек, эл аралык мелдештер 3-мартка чейин уланат. Бул күндөрү 100дөн ашык өлкөдөн 2000ден ашуун спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Спортчулар 21 инновациялык дисциплина боюнча күч сынашат. Сынактын форматы киберспорт, робототехника, кеңейтилген жана виртуалдык реалдуулук, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы акыркы жетишкендиктерди колдонууну камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр жайга калды

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен 21-февралдын алдында украин бийликтери менен өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр жай айына чейин жылдырылганын жарыялады. “Бул бир аз убакытты талап кылат. Евробиримдик жайдын башында даяр болушу мүмкүн”,-деди Урсула фон дер Ляйен. Еврокомиссия учурда Украина менен сүйлөшүүлөр боюнча иштеп жатат. Андан кийин аны ЕБге мүчө […]

Сизге жагышы мүмкүн