Келерки аптада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, беш күндүк график менен иштеген жарандар 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат.
7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күнү болуп саналат. Аталган күндөр төртүнчү жана бешинчи күнгө туура келет. Андан кийин эки дем алыш күнү бар. Ошентип кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат.