Квадробик балдардын ата-энелери айыпка жыгылат

Автор

Өзбекстандын ИИМи балдардын квадробикага кызыгуусу ата-энелердин өз милдеттерин аткарбаганы катары караларын билдирди. Анда бул берене боюнча айып пул 1,8 миллион сумга ($150) жетерин эскертишкен.
«ИИМ урматтуу ата-энелерди өздөрүнүн моралдык милдетин жана балдарын ар тараптуу тарбиялоо боюнча юридикалык жоопкерчилигин аткарууга чакырат. Мындай субкультуранын көрүнүштөрү ата-энелердин өз милдеттерин аткарбагандыгы катары бааланат»,-деп айтылат бул боюнча билдирүүдө. Анда керек учурда балдарды психологиялык текшерүүгө жөнөтүшү мүмкүн экени кошумчаланды.
Мекеменин маалыматына караганда квадробикага кызыгуу коомдук жүрүм-турум эрежелерине каршы келет жана таптакыр жол берилгис нерсе болуп эсептелет. Субкультуранын пайда болушу Россия, Казакстан жана Украинадагы жаштар арасында байкалып жатканы айтылат. Квадробика Японияда 2008-жылы расмий эмес спорт түрү катары пайда болгон. Анда адамдар жаныбарлардын кыймылдарын туурашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылды

Бүгүн, 14-октябрда Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал белгилегендей, жаңы объектилердин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн катышты. Бүгүн ишке берилген объекттердин арасында турак үйлөр, мектеп, бала бакча, өндүрүш ишканалары жана […]

Сизге жагышы мүмкүн