Качырып ийбе! Бүгүн Малайзия менен ойноочу “Акшумкарлардын” курамы

Автор

Кыргызстандын футбол биримдиги дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында Малайзияга каршы беттеште ойной турган өлкө курамасынын соңку курамын жарыялады.
Курамага жалпы 25 оюнчу кирди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын курамасы бүгүн, 6-июнда Малайзияга жана 11-июнда Оманга каршы беттеш өткөрөт.
Курамадагы оюнчулар:
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Марсел Исламкулов;
Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Кайрат Жыргалбек уулу, Амантур Шамурзаев, Александр Мищенко, Саид Дациев;
Жарым коргоочулар: Гүлжигит Алыкулов, Одилжон Абдурахманов, Элдияр Зарыпбеков, Бектур Амангелдиев, Эрмек Кенжебаев, Муролимжон Ахмедов, Алимардон Шүкүров, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов;
Чабуулчулар: Кай Мерк, Кожо Жоэл, Эрнист Батырканов, Нурбол Бактыбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин кураманын окуу-машыгуу жыйынына 33 спортчу чакырылган. Алардын ичинен Арслан Бекбердинов, Адил Кадыржанов, Марлен Мурзахматов, Кими Мерк, Нурдоолот Сталбеков, Амир Жапаров, Адилет Каныбеков жана Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев соңку тизмеге кирген жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Словакиянын премьер-министри кол салган адамды жек көрбөгөнүн билдирди

Премьер-министр Роберт Фицо июнь-июль айларында жумушуна кайтып келерин, учурда ооруканада амбулатордук дарыланууда экенин билдирди. “Мен үчүн биринчи кадамды жасоого убакыт келди. Бул кечиримдүүлүк. Мени аткан адамды жек көрбөйм. Мен ага эч кандай мыйзамдуу чара көрбөйм. Келтирилген зыяндын ордун толтурууну да талап кылбайм”,-деди Роберт Фицо Facebook баракчасындагы кайрылуусунда. 15-майда Гандлова шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн