Качырып ийбе! Бүгүн Кыргыз –Жапон футзал курамалары беттешет

Автор

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япония менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн борбор калаадагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде саат 20:00дө башталат.
Эске салсак, Тайландда өткөн Азия кубогунун “С” тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы ошол кездеги континенталдык чемпион Японияны 3-2 эсеби менен жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте «Органик Экспо 2024» аймактык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте Борбор Азияда биринчи жолу «Органик Экспо 2024» регионалдык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Жарманке Борбор Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, органикалык, регенеративдик айыл чарбасын системалуу түрдө өнүктүрүү менен тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган. Жарманкеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Суу ресурстары, […]

Сизге жагышы мүмкүн