Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт

Автор

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында болот.
Мелдеш кечки саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.
Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Нью-Йоркто Башкы ассамблеянын 79-сессиясы башталат

БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясы дүйнөлүк уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде башталат. Жылдык жыйындын күн тартибинде чыр-чатактарды чечүү, туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүү сыяктуу ар түрдүү маселелер каралат. Иш-чарага мамлекеттердин лидерлери жана министрлер катышаары күтүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн