Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футболчулары беттешет

Автор

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн,15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз курама командасы Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15- октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 30 тыйын болсо, сатуу 85 сом 70 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн