Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан менен Катардын футбол курама командалары беттешет

Автор

Бүгүн, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш 44 миң көрүүчү бата турган “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Машыгууларга жалпы 30 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар Сауд Арабиянын Жидда шаарында октябрда өтө турган эки беттешке даярданышты.
Эскерте кетсек, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт. Буга чейин Кыргызстан 2 беттеш өткөрдү. Эки оюнда тең жеңилип, бир да упай ала элек

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Харрис менен дебаттан баш тартканынын себебин айтты

АКШнын мурдагы лидери жана Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп вице-президент Камала Харрис менен кайрадан дебаттарга катышпай турганын айтты. Анын айтымында, Харрис АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин саясатын өзгөртпөй турганын ачык билдирген. Экс-президенттин ою боюнча бул мындан аркы дебаттарды маанисиз кылат. Трамп ошондой эле азыркы учурда сурамжылоолордо алдыда экенин жана […]

Сизге жагышы мүмкүн