Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары беттешет

Автор

Бүгүн,14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюн БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.
«Ак шумкарлар» кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот.
Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 оюн өткөрдү. Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, төртүнчүсүндө Түндүк Кореяны 1:0 менен уткан.
Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Иран (10 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (4 упай), Катар төртүнчү (4 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден менен Трамп барымтадагылардын маселесин чечүүнү макулдашты

АКШ президенти Жо Байден жана мамлекет башчылыгына шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп шаршемби күнү Ак сарайда жолугушуп, Газада кармалып турган барымтадагылар маселесин талкуулашты. Бул маселени Трамптын инаугурациясы боло турган 2025-жылдын 20-январына чейин чогуу чечүүнү көздөшкөндүгүн билдиришти. “Шаршемби күнү Байден Овалдык кабинетте Газада кармалып турган америкалык барымтадагылардын үй-бүлөлөрү менен бир жарым […]

Сизге жагышы мүмкүн