Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан-Иран футболдук беттеши болот

Автор

Бүгүн, 5-сентябрда Ирандын “Фуладшехр” стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Ирандын улуттук курамасы менен ойнойт.
Бул мелдеш 2026-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы алкагында өтөт.
Беттеш бүгүн, 5-сентябрда саат 22:00дө өтөт. Оюн «Ала Тоо» аянтындагы чоң экрандан көрсөтүлөт.
Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын 23 оюнчуну курамага чакырган.
Эске салсак, курама команда 23-августтан тарта 2-сентябрга чейин Стамбул шаарында окуу, машыгуу жыйынын өткөрдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал 1998-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясын жетектеп келгенине токтолуп, өлкөгө кызмат кылууга аракет кылганын жазган. «Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга […]

Сизге жагышы мүмкүн