Катуу ылдамдыктагы унаа президенттин кортежине урунду

Автор

АКШда өлкөнүн президенти Жо Байдендин кортежинде келе жаткан унааны сүзүп кетти. Бул учурда Байден жубайы менен Демократиялык партиянын шайлоо штабынын кеңсесинен чыгып бараткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, күмүш түстөгү седан шайлоо штабынын кире беришиндеги кесилиште кортежди жаап келе жаткан унааны сүзгөн. “Катуу үн чыкты. Ошол маалда АКШ президенти таң калган бойдон машинанын жанында турду”,-дешти журналисттер.
АКШнын жашыруун кызматынын агенттери кырсыкка күнөөлүү болгон унааны тез курчоого алып, айдоочусун кармаган.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт жана ал АКШнын тарыхында 60-жолу болуп калат. Бул шайлоодо азыркы 46-президент Жо Байден шайлоодо утулуп калса, АКШнын 47-президенти болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Суу базарында акча талап кылган салыкчылар кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып […]

Сизге жагышы мүмкүн