Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам жолу катуу борошоодон улам жабык бойдон турат. Мындай маалыматты “Апта” маалымат агенттигине Нура айылынын тургундары билдиришти. Катуу бороон Тоң-Мурун ашуусунда жүрүп жатат. Күрткүлөрдөн улам жолдор жабылып, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралды. Учурда ДЭУ-960 тракторлору тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканы билдирилди. Кыргызстандын деңиз дэңгээлинен бийик делген эки ашуусу тең Алай районунда жайгашкан. Анын бири Талдык 3615, ал эми экинчисиТоң-Мурун 3536 метрди түзөт.