Катар эмири Израилди аскердик операцияларды атайылап кеңейткенге айыптады

Автор

Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливанда агрессиясын атайлап кеңейтүүгө айыптады. «Израил башка жерлерде, мисалы, Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливан сыяктуу, алдын ала даярдалган пландарды ишке ашырып, агрессиясын атайлап кеңейтүүнү чечти»,-деди Аль Тани Меджлис Аш-Шуранын жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып. Ал «Ливанга каршы агрессияны токтотууга жана 1701-резолюцияны кошо алганда, эл аралык резолюцияларды аткарууга» чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилигине Кылычбек Рысалиев дайындалды

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты. Кызматтан кеткен Кудрет Тайчабаровдун ордуна Кылычбек Рысалиев дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылычбек Рысалиев Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктап, башкаруу боюнча магистр даражасына ээ. Ал 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунда иштеп, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Фонддун долбоорлорун башкарууну жетектеген, […]

Сизге жагышы мүмкүн