Катардык дипломаттарынын делегациясы Сирияга келип, Дамаскта Катар мамлекетинин элчилигин ачууга даярдыктарды бүтүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
“Катарлык дипломатиялык делегация Сирия Араб Республикасындагы Катар мамлекетинин элчилигин ачуу боюнча керектүү даярдыктарды бүтүрүү үчүн Дамаскка келди. Сириядагы өткөөл өкмөт менен болгон жолугушуулар учурунда делегация Катар мамлекети боордош сириялык элди тынчтыкка, коопсуздукка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө жетишүүсүндө толук колдой турганын билдирди”,-деп айтылат QNA агенттигинин маалыматында.
Буга чейин Катардын Тышкы иштер министри Маджид аль-Ансари эмират жакынкы аралыкта Сириядагы өз элчилигин кайра ачарын, ал 2011-жылы Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын саясатына каршы болгондуктан жабылганын маалымдаган.