Катарда Кыргызстандын улуттук жана маданият күндөрү өтөт

Автор

Катарда “Доха ЭКСПО-2023” жарманкеси алкагында 23-25-январь күндөрү Кыргызстан маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Доха шаарындагы Лусаил Бульварында өтө турган маданият күндөрүнө расмий делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектеп барат.
“Доха ЭКСПО-2023” жарманкесинин алкагында өтүп жаткан улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты көрсөтүлүп, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин зоот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы жана башкалар менен тааныша алышат. Иш-чара искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот.
Чыгармачыл топтун курамында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын, А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын өкүлдөрү, Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Н.Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли жана филармониянын солисттери, ошондой эле режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Япония дүйнөдөгү бешинчи Ай державасы болуп калды

Япониянын Smart Lander for Investigating Moon (Slim) космостук аппараты Айдын бетине ийгиликтүү конду. Бирок инженерлер энергетика системасындагы көйгөйлөрдөн улам миссия бир нече саатка гана созулушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Басылманын маалыматы боюнча, белгисиз себептерден улам аппараттын күн батареялары электр энергиясын өндүрбөй калды. Батареялар түгөнүп калса, Slim менен байланыш үзүлөт. Аппарат […]

Сизге жагышы мүмкүн