Москвада эки адам катуу жаандан каза болду. Бул тууралуу шаардын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Эркек киши борбордук Москвада күчтүү шамалдан улам курулуш тактайлары кулап кеткенден кийин каза болду, ал эми башка адам дарак кулап кетип каза болду.
20-июнда күндүз Москвада шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетип, катуу жамгыр жаады. Шаарда 23 дарак кулады. Аба ырайынан улам бир нече унаалар зыянга учурап, тогуз адам жабыркады.