Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар пландалган жок, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай.
Анын айтымында, мамлекет башчы 17-майды адаттагыдай эле өткөрөт.
«Бул күнү анын Кытайга мамлекеттик сапары башталат. Казакстанда туулган күнгө карата же Кытайга болгон иш сапарынын алкагында эч кандай иш-чаралар болбойт»,-деп билдирди Желдибай социалдык тармакта.
Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алматыда туулган.