Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы сел кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү Бул тууралуу Акорданын Telegram-каналы билдирүүдө.
«Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшүп, Казакстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, ошондой эле тезирээк сакайып кетишин каалооңузду өтүнөм. Жапа чеккендердин бардыгына жакшы коңшулук жана өз ара колдоо маанайында Казакстан табигый кырсык болгон жерге гуманитардык жардам жөнөттү жана керек болсо боордош Кыргызстанга дагы жардам берүүгө даярмын”, деп айтылат телеграммда

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тажикстанга келет

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 4-6-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул сапар республика президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болот. Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тар жана кеңейтилген форматта өткөрүшөт. Кытай төрагасы сапардын алкагында Тажикстандын өкмөтүнүн жана парламентинин жаңы имараттарынын ачылышына катышары күтүлүүдө. Бул сапарга чейин Си Цзиньпин Казакстанга […]

Сизге жагышы мүмкүн